Себүүчү чыгат талаага, Үрөндү жерге сепкени. Эмгегин Кудай Таалага Ишеним менен бергени. Күн ээрчип, мезгил уланат. Оор жумуш жүрүп жер менен. Талаасын дыйкан сугарат, Жамгырга кошуп, тер менен. Кудайга артып ишеним, Эмгегиң кылсаң, талыкпай. Үзүрүн берет ишиңдин, Түшүмүң болот байма-бай. Сен эми - Кудай баласы. Өмүрүң Ага берилген. Жүрөгүң - Кудай талаасы, Жараткан Сөзү себилген. Бололу жумшак топурак, Жамгыры сөздүн каптаган. Бөлүшсөк, келсин топурап Жүрөктөр, аны самаган. Биз - талаа, Кудай - себүүчү. Түшүмүн Кудай терсе экен. Ар бир сөз, Андан келүүчү, Дүйнөгө жарык берсе экен. Дүйнөгө өмүр берсе экен.Киелі Тәңір, ұмтылам Саған Still Rolling Stones Когда устанут мои руки مد يديك dʿạny ạlḥbyb 人生在世如匆匆过客 zhǔ ràng wǒ men bēn pǎo de shí hòu لا تتكبر على ربك Можу лиш уявити Слава Тебе
Song not available - connect to internet to try again?