Сенден мени ажыратпасын Жан дүйнөмдүн булгангандыгы. Эркиң сурап билбегендигим Сенден мени айрыбасынчы. Теңир, кечир, кечир, суранам, Тар жолуңдан артка кайтпайын. Жаным сыздап, жүрөгүм чарчап Келдим кайра, кечир, Кудайым. Сенден мени ажыратпасын, Күйүп-жанбас салкын турмушум. Буга себеп булганган жүрөк, Сенсиз жашап, көргөн күндөрүм. Оо Теңирим, унчукпай койбо, Жан дүйнөмдү бүлгүнгө салып. Сенсиз жашоо баарынан жаман, Келдим кайра үмүтүм артып.Padîşahê Rûmetê zài zhǔ lǐ wǒ kuī qiàn nǐ غيرن قلبي Лишь одно у меня стремленье yạlly mt bdạly Od ojczystej naszej ziemi Песня мудрецов Seversin Rab Şu Günahlı İnsanı Tutto di me O Tuhan, Terangi Hatiku
Song not available - connect to internet to try again?