Сени көздөйт менин бүткүл максатым, Жаш аккан жүзүмдү Сага бурамын. Тынчтык берчи, жүрөгүмдү ачайын, Укчу мени, соорот мени, Кудайым. Сендей сулуу боло албас гүл аттуу, Сен булаксың берген бизге жашоону. Күн нур чачат Сени эстетип дайым, Күндөй ысык сүйүү берчи, Кудайым. Муктаж болуп, бир Өзүңө келгенде, Күч берчи мага өзүмдү жеңгенге. Толук башкарсын Ыйык Рух жашоомду, Уга көр, Кудай Ата, Кудай Уулу. Сен ишенимдүү, боорукер Койчумсуң, Жетелесин мени Сенин колдоруң. Сенин тактыңдын алдына барайын, Асмандагы менин улуу Кудайым.Сказочной и беззаботной Иса - наным менің O wstań, rodzinny opuść kraj Тинчлигимсан Pozri sa na Daniela a uč sa od neho Oh Dios Revelame Tu Voluntad Name Above All Names ạrfʿ qlbk llḥnạn TLANH CIAMI HNA HLA Keď vyslovíš slovo
Song not available - connect to internet to try again?