Суроо сага: кайдан келдиң сен? Укчу, тууган, кайда барасың? Ойлондуңбу «неге жашайм» деп, Буга жоопту кайдан табасың? Асманды да, жерди жараткан, Кудайыбыз Теңир бар экен. Адамдарды жерге тараткан, Сүйүү берип, «ак жаша» деген. Шайтан деген жалганчы болгон, Азгырыптыр Обо энени. Адаштырган адамды жолдон, Бул чындыкты билип жүр эми. Укпай Сөзүн Кудай Атанын, Күнөөгө биз батып кеткенбиз. Кыйналабыз тартып азабын, Биз тозокту карай кетмекпиз. Улуу Кудай бизди сүйгөндөн, Жалгыз Уулун жерге жиберген. Күнөөбүздү мойнуна алып, Жазаланган, кайра тирилген. Кудай айтат: «ушул курмандык, Арылтат» деп, «сени күнөөдөн». Ишенимиң сени куткарат, Күнөөң үчүн Ыйса Өзү өлгөн."BY GRACE ARE YE SAVED" fy bldnạ mạ ạ̉jml ʿṣfwrạaⁿ ạ̉nsẖd nsẖyd ạlḥryẗ Раббим биз билан бўлгин Лайък Лайък مش عايزين سەندەرگە تىنىشتىق Вот уж полночь Где же он İsa Mesih Golgota'da
Song not available - connect to internet to try again?