Суусаган бугудай, мен дагы Сени эңсеймин, Чын жүрөк, жан дилден жалгыз Сени издеймин. Булуттар ачылып күн нурун чачкан сыяктуу Кудайдын сүйүүсү жашоомо жарыгын чачат. Кудай сүйүүсү мага келгенде, Көздөрүмдөн жарык жанат. Шаңдуу ырдайт менин жаным, Теңир мага, Жүзүн бурганда, мен коопсуз жашайм. Бардык иште, бардык жерде Анын сүйүүсү мени жетектейт Сүйөмүн, бир гана Теңирди. Сөздөн да, иштен да жакшыны каалаган Теңир, Мага да бир Сени сүйгөнгө жардам бере көр. Батаңды жоготпой акыркы күнүмө чейин Жарышта, күрөштө сүйүүмдү сактагым келет. Дүйнө бере албаган Сенин сүйүүң Жүрөгүмдө жашай берет. Жол көрсөтүп асманыңа алып барат. Сенин колуңа жетеленип, өмүр бою жашай берем. Түбөлүккө мен сүйө берем, оо, Теңир, Оо, Теңир, Теңирим жалгыз бир Өзүңдү.حبك اللهم يجعل Izay mahakolokolo no manana ny soa Их Эзэний ивээл дор байхад Сегодня вы здесь стоите нарядные قراءة 2 - ليكن نور غربتنا يا ربي طالت - إوعاك تكون مشغول ạ̉nt ạlgẖạly Уялмайман ваъз қилишдан Мы к Тебе идём yīn nǐ
Song not available - connect to internet to try again?