Сыйынганда, сыйынганда, Кудай менен сүйлөшөм, Кыйналганда, түн болсо да, уктабастан сыйынам. Жараткандын алдында тизелеп, колум сунуп, Бүт муңумду айтып кайрылдым: «О Кудай, мени уксаң, жалгыз Сенден күч сурайм, Күчтөн тайып, турам алсырап». Сыртта катуу шамал улуп, бурганактайт муздуу кар, Так ошондой бороон каптап, жүрөгүмдү муздатат. Алсыздыгымды сезип, көзүмдөн жаш куюлуп, Мен Ыйсага туруп кайрылдым: «Сен билесиң, Кудайым, жүрөктөгү кайгымды, Туңгуюктан кантип чыгамын?» Бул турмушта кыйналбаган, оңой жолду издебейм, Мейли болсун кыйынчылык жана кайгы чөктүргөн. Суранарым бир гана, дайыма сезип турсам Сенин кудуреттүү колуңду. Чырмалышкан жолдордон, айыгышкан жоолордон Өзүң сууруп чыгасың, Кудай. Сыйынганда, сыйынганда, ыраазы болуп кубанып, Даңктайм Сенин мээримиңди жана чексиз күчүңдү. Күч кеткенде алсырап, алсыздыкка алдырып, Мен жыгылдым каршы тура албай. Жүрөктөн чыккан күйүт Сага жетти, Кудайым, Сыйынып, Сенден кубат алдым.失迷的羊 كل يوم بيعدي Dnes dávaš všetko, čo máš Каломат, Каломи поки ишқат Swiss: Was I bruche أحييتني yạrb qd jʿltk Bol raz jeden pes Sen Yoʻlsan Новый год наступил
Song not available - connect to internet to try again?