Сүйүүнүн, даңктын Кудайы, Биз шаттанып ырдайбыз, Таазим кылып, кучак жайып, Бет алдыңда турабыз. Күнөө, кайгы Сенден качып, Ишенимге толобуз. Жарык-нуруң бизге чачып, Кубанычта болобуз. Жаркырайсың асман-жерде, Атак-даңкын чыгарып, Жылдыздар да периштелер Ыйык ысмың чакырып. Бийик тоолор, аккан суулар, Кең талаалар жайылган, Мөл булактар, сайран куштар Мактайт Сени, Жараткан. Ак батасын берип турган Кечиримдүү Кудайым, Жакшылыкка баарын бурган, Тынчтык берген ар дайым. Сүйгөн Атам, Ыйса Агам, Мээримиңе бөлөгүн. Ак сүйүүңдү үйрөт мага, Сүйсүн менин жүрөгүм. Таң жылдыздай, Сенин Сүйүүң Бүт дүйнөнү бийлесин. Ырыбызга кошуп үнүн, Өлгөн жандар тирилсин. Катар-катар баары чыгып, Жеңишиңди жар салсын. Өмүрдүн ыры жаңырып, Баары Сени даңктасын.Je dokonáno Amico ومىرىمە سەن قاجەتسىن ٴتاڭىر ٴار كۇندە Takk skal Han ha for det Бак Делинен Еллериме 使命啊我不能放下 Далама көз салсам, өткенді ойға алсам فوق العالي عالي ให้เราสรรเสริญ Ce bucurie Doamne
Song not available - connect to internet to try again?