Сүйүүң Сенин тунук мөлтүр булактан да, Жашоомо дем берет кыйын убактарда. Жанымды сооротот, тынчтык берет мага, Күн нурун чачкандай Сенин сүйүүң, Ыйса. Наның, сууң, абаңды бергениңе ырахмат! Ден соолук, күч-кубат ыроолойсуң, ырахмат! Кам көрүп, бөпөлөп жүргөнүңө ырахмат! Күнөөмдү кечирип, өмүр бердиң, ырахмат, өмүр бердиң, ырахмат! Сүйүүң Сенин чексиз, өзгөрбөйт эч качан, Убадаңа бексиң, айтканың аткарган. Ишенимдүү жана керемет Кудайым, Шарт койбос сүйүүңө түбөлүк ыраазымын. Сүйүүң Сенин ыйык, кемтиги жок, кенен, Сенин сүйүүң ысык, жүрөктү эриткен. Дүйнөдө табылбас сүйүүңө тартылам, Сүйүүңө бөлөнүп, кубанам, шаттанам. Сүйгөндүктөн келдиң асманыңды таштап, Күнөөлөрүм үчүн тарттың оор азап. Сүйүүң менен жаптың бүт күнөөмдү менин, Кечирдиң, актадың, адилет Теңирим.Sei la ragione per cui canto Наша жизнь как легкий пар Daha Ben Günahkarken Ուրախացիր, Դուստր Սիոնի شمالك تحت راسي Я славлю Тебе (Joni Moskalets) PRVÝM AJ POSLEDNÝM unknown Vain Kristus-kallio kestävi Аллилуйя Аллилуйя
Song not available - connect to internet to try again?