Сүйүү - бул жарык күн, жаркытат жүздөрдү, Кыйналган жүрөккө май сымал сөздөрү. Сүйүү - бул жарык нур асмандан төгүлгөн, Максатсыз жашоодо туура жол көрсөткөн. Жаркырасын биздеги сүйүүлөр ойготуп жүрөктөрдү, Маңызын жашоонун билдирип, жаңыртып тилектерди. Таарыныч, ызалар муз болуп тоңуп турган эрисин, Жаркысын биздеги сүйүүлөр тазартып жүрөктөрдү. Жашасаң «өзүм» деп, тез калат көңүлүң, Сүйүүсүз, мээримсиз кунарсыз өмүрүң. Сүйүү - бул ырайым, кечирет башканы, Сүйүү эң боорукер, бөлүшөт тапканын. Көрүнсүн биздеги сүйүүнүн соолубас булактары, Теңирим келгиче, бололу биз тирүү чырактары. Таарыныч, ызалар муз болуп тоңуп турган эрисин, Жаркысын биздеги сүйүүлөр тазартып жүрөктөрдү.Դու ես Ալֆան Եվ Օմեգան Sen degende shólim qanbaıdy Veniti Eu va voi spune В грязи лежал я словно лист осенний Niebiańską radość w sercu mym В битве ли сердце изнемогает ạ̉sẖʿlt bnwr ṣlybk mydly ạlmylạd bnạqṣ ạ̉rḍ bnạqṣ dnyạ يسوع المسيح
Song not available - connect to internet to try again?