Таза жүрөктөрдө, Теңирдин ыйык Сөзү, Орун алып ал үйдө жашаса, Караңгылык, өлүм четке кагылып, Кожоюну үйдүн Теңир болуп калса. Кут төгүлгөн, берекелүү, ак баталуу - ал үй! Теңирге ар таңда, жалбарып сыйынганда, Ыйык Руху менен Кудай тынчтандырса, Кубанычка, сүйүүгө, мол бакытка, Ээ кылып ырайым төксө Теңир ага. Урматтап карысын, бек сактап ишенимин, Кудай Сөзүн сүйүп, аткарып жашаса. Ыйыкталып, ай-жылдар өткөн сайын, Өмүрүн Теңирге ал үй арнай алса.Hosanna En El Cielo Bukanlah 'Ku, Tetapi Hanya Kristus One Desire Бог нас от гибел спаси Дуәщели ги Ни, Хўда ṭlbtk Jahwe Schalom Mon coeur voudrait t'aimer أحبني Scrivi queste cose
Song not available - connect to internet to try again?