Теңирим, келемин тизе бүгүп Сага, Бүт муктаждыгымды таштайм бут алдыңа, Сактайсың мени жашоо бурганагында, Бүт өмүр жолум айкын Сенин алдыңда. Теңирим, сүйүүмсүң Сен менин, Аска-зоом менин, жөлөнөрүм, таянар тирегим, Теңирим, сүйүүмсүң Сен менин, коргонор сепилим, Калкаларым бир Өзүң, ыйык чебим. Коркпоймун Сени менен өлүм сүрүнөн, Асманга барганда, тынчтыкка бөлөнөм. Жүзүмдү аарчыйсың Сен көз жаш төгүлгөн, Бир Өзүң катамды кечирген, түшүнгөн. Даңктай берем жашоомдо запкы тартсам да, Сени күтүп ырдайм жан-дилден дайыма. Билем, келесиң Сен, жолугам жакында, Көтөрүп аласың Жыйынды жаныңа.Neodplácaj! Tatkala Hari pun Senja قىمباتسىڭ سەن ماعان ٴار كۇندە Այո, Ալելույա ạ̉mjd ạlạ̉yạt + ạ̹lhy ḥy Tu vezi că lacrimi ne brăzdează faţa bynmạ hw ytklm Господь - твой Бог среди тебя YAZ FƏSLİNDƏ Do tmy na svet
Song not available - connect to internet to try again?