Теңирим менин жанымда, Үнүмдү угат дайыма. Кайгырсам сооротот мени, Чөгөлөп келем алдына. Мээримин төгүп Теңирим, Жетелейт кыйналганымда, Сүйүүгө чулгайт жанымды Теңирим. Үмүтүм, Теңир, Өзүңдө, Баа жеткис акыл Сөзүңдө. Кай убак болсо кайрылып, Кубаныч алам Өзүңдөн. Сырымды эч ким билбеген Билесиң, Теңир, билесиң, Жанымды сооротуп Өзүң, Теңирим. Падышам, менин Теңирим, Күтөмүн Сенин келишиң. Күнөөнү билбес бейишке Ашыгат, Теңир, жүрөгүм. Жанымда, Теңир жанымда, Үнүмдү угат дайыма. Күтөмүн Сенин келишиң, Теңирим.جاماندىقتان بئزدى ساقتاپ Őt áldjuk Кайнак хепси ниймет Käy taiten sä kristitty كۅۅ باسقان چىراعىڭدىن شىشەسىن تازالاعىن كىشكەنە بالا Küçücükken, büyükken Shattanaıyq máńgilikke! เมื่อท่านมีปัญหาใดเกี่ยวกับพระเยซู أجمل من الورد
Song not available - connect to internet to try again?