Теңирим, Сенин мээримиң, Өзүңдү бергениң, Күнөөдөн мени куткарып, Тозокту жеңгениң, Даңкталып бүтпөс курмандык Мен үчүн келгениң. Кылмышкер сындуу соттолуп, Өлүмгө баш ийдиң. Күнөөсүз жаның кыйналды, Мен үчүн, Теңирим. Табылбайт, Теңир, Сага тең, Сүйүүңө жетпейт чен, Өмүр, жол, чындык Сен! Колуңа мыктар кадалып, Шорголоп кан агып, Жазыксыз жаның кыйналып, Тарттың Сен азапты. Жүрөккө канжар сайгандай, Эстесем ал чакты. Сүйүүң Сенин, Теңирим, Акыл-ой жетпеген. Жол ачтың тирүү Кудайга Жазыксыз кан менен.Milujeme, ač nevidíme TY SI HODEN Пәк жүрек соны сұраймын ดูสิ่งพระองค์ทรงทำ Look What the Lord has Done lạ ln ạ̉ry̱ ḥbaⁿ̃ạ Strada mia ṭwl ạlḥyạẗ Almashtiraman Rabbim shodligiga Chcę przy Tobie zostać Sláva buď Tebe, Bože náš
Song not available - connect to internet to try again?