Теңирим, Өзүң келдиң, кайгыга чөккөнүмдө. Аарчыдың көз жашымды, жамгырдай төккөнүмдө. Сен менен кубанамын, даңктоомду кабыл алгын, Дайым бол жанымда, - деп жалбарып суранамын. Ишенип жакыныма сырымды ачканымда, Барктабай сезимдерди, таруудай чачканында, Сен мени калтырбадың кайгынын жалынында, Кайратым бекемдедиң, келтирип калыбына. Ата, - деп, - бир Өзүңө жүрөктөн кайрылганда, Түшүнбөй жакындарым, терс карап басканында. Сен мени калтырбадың кайгынын жалынында, Кайратым бекемдедиң, келтирип калыбына.Požehnané meno má Pán Yeni bir Ezgi أتنساني بار الەمدى جاراتقان قۇدىرەتتى قۇداي O, Listen to the Wondrous Story Já věřím v svého Mistra moc Доверяй Христу всегда ZUM TUAH NAN NUNG LAI Hüzuruna Gələrək La Tua grazia ci trasforma
Song not available - connect to internet to try again?