Теңирим, өмүр бердиң бизге жаңы, Кор болуп кир дүйнөдө жүргөнүмдө. Теңедиң катарына бизди дагы, Сен(и) менен бейпил өмүр сүргөндөргө, Сен(и) менен бейпил өмүр, бейпил өмүр сүргөндөргө. Караңгы туңгуюктан сууруп чыгып, Жаркытып жол көрсөттүң, көзүм ачтың. Боорукер, ырайымдуу, оо Кудайым, Кечирип бүт күнөөмдү Сен тазарттың, Кечирип бүт күнөөмдү, бүт күнөөмдү Сен тазарттың. Аздектеп, Өзүңө арнап жашайлычы, Атаке, бизге берген жаңы өмүрдү. Жүрөккө бир башкача тынчтык алып, Жүрөлүчү Жаратканга алкыш айтып, Жүрөлүчү Жаратканга, Жаратканга алкыш айтып. Бул өмүр - түбөлүктүү өлбөс өмүр, Жарыгы жашоодогу өчпөс өмүр. Бөлөнгөн Анын улуу мээримине, Бакубат, ырахаттуу чыныгы өмүр Бакубат, ырахаттуу, ырахаттуу чыныгы өмүр. Жарашат Сени канча мактасак да, Жарашат Сени канча даңктасак да. Актоого күч жетпейт го мээримиңди, Арнасак жашообуздун баарын Сага, Арнасак жашообуздун, жашообуздун баарын Сага.Bendeciré de corazón VYARVAM Тихая ночь над Вифлеемом nḥn qdysyk ṭrạ Bližšie Ai ajuns în necaz în nevoi şi strâmtorări Amin Весна Воскресения Приди настала пора yạ mn ạḥtwytny
Song not available - connect to internet to try again?