Теңир менин үлүшүм, менин мурасым, Сен менин тагдырымды кармап турасын. // Үмүт менен сыйынам Өзүңө күндө, Жооп берип, калтырбай, үнүм угасың. // Мага акыл үйрөткөн даңктайм Теңирди, Жарык кылып, көрсөткөн келечегимди. // Мен ар дайым алдымдан көрүп турамын Ырыс-дөөлөт төгүлгөн кутман жеримди. // Тагдырыма келдин да, мени сынадың, Төгүлгөндө, чачылганда, оңдоп курадың. // Канатыңдын алдында калкалап, сактап. Үзбөй, созбой, учугумду кайра уладың. // Ошондуктан шаттыкка толуп жүрөгүм, Аткарылат максатым, аны билемин. // Карангыда карайлап жүргөн адамга Калп айтпаган ооздон Өзүң сүйлөгүң. // Даңктайм Сени, Теңирим, даңктаймын Сени. Күнүм бүтүп калганча мактаймын Сени, // Текеберлер жамандап, күнөөлөшсө да, Жүрөгүмө бекемдеп, кармаймын Сени. //Надо мною как птица белый парус струится Mai Ceto Nawa Yesu Ne Господи, Господи Fiumi d'acqua viva Kto spoznal dieťa? hái shì zǒu shí zì jià de lù Báruch Adonáj حبيبي يا يسوع ZANLEI THANGTHATNAK Mirad en la cruz clavado
Song not available - connect to internet to try again?