Теңир, Сен көптөр үчүн уламышсың, А мен үчүн жашоомдун жарыгы. Сен мага Дос болгон күн ошондогу Кымбат мага, бакытым табылды! Сен өмүрүмсүң, башка бакытым жок, Сенсиз мен эчак, эчак өлмөкмүн. Сага ишенип, жарыкка келдим мен, Сенден таптым маңызын өмүрдүн. Жөлөнгүм келет Сага, Теңир, бекем, Сен күнөөкөргө тынчтык бергенсиң. Бирок шайтан жүрөктү жаралантат, Ошондо, Ыйса, мага керексиң. Күнөө менен күрөштө аз таянып, Кечир, Ыйса, кейитсем Өзүңдү. Кайра чыйыр жолуңду издеп табам, Суранам, калтырбачы өзүмдү. Кайгы басып, жалгызсыраймын чөгүп, Көрбөй калсам Өзүңдү алдымда. Суранам, Теңир, алыс кетпесеңчи, Мен үчүн жүрөгүмсүң кагылган. Ыйса Теңир, Сенде менин үмүтүм, Колуңду бер мага сүйүү менен. Коркунучтуу жолдон жетелеп өткөр, А мен жашайын бир Өзүң менен.ᠲᠠᠨ ᠷᠤ ᠰᠡᠳᠬᠢᠯ ᠢᠶᠡᠨ ᠡᠷᠭᠦᠨᠡ Боже нивы побелели и стоят Льется музыка в душу рекой Парлаян Ая Бак ly ạ̉b by yʿtny Keď v tichu svojho domu Танръмъз Севги Танръсъ Veď Ty si Pán Молитва это крик души Ó, Jezu můj, zda možné jest
Song not available - connect to internet to try again?