Теңир түзгөн үй-бүлөнү башында, Жаратканын даңктап бирге жүрсүн деп. Бала берди белек кылып экөөңө, Кубанычта бейпил өмүр сүрсүн деп. Күндө каалап үй-бүлөңө ынтымак, Кудай берет көктөн төгүп батасын. Бузулса деп шайтан тилеп күнү-түн, Койбойт деле ортого от жакканын. Убакыт аз, өмүр канча ким билет, Баалап жаша, сүйүп жаша ар мүнөт. Бул жашоодо башка түшкөн түйшүгүң, Жалгыз ушул жарың бирге көтөрөт. Бир учурда берген сенин убадаң, Бирге өтөм деп жашоо деген кыядан. Сүйөм деген сөзүң аткар, о тууган, Үй-бүлөңдү бекем сакта, бир тууган. Терең ойлоп, өзгөрт супсак жашооңду, Айта берсең, көйгөй бүтпөйт, чечилбейт. Сүйүп жаша, баалап жаша жарыңды, Бир жашайсың, экинчи өмүр берилбейт.Наступило Рождество Holy Holy Holy Holy Lord God Almighty พระเจ้าข้าโปรดอภัย ạlrb ʿẓym Korkmayın siz lüzgyardan He! matoky aho, Tompo Dios, Dios mío eres tú نسجد لك نجثو لاسمك باسمك يا ربي Lee la Biblia y ora
Song not available - connect to internet to try again?