Турмуштун сырларынан, жагымдуу ырларынан, Демиңди сезем Сенин жашоонун ыргагынан. Жайлоонун гүлдөрүнөн, түркүн куш үндөрүнөн, Көрөмүн келбетиңди булуттун түрмөгүнөн. Сеземин мээримиңди бөбөктүн күлгөнүнөн, Жараттың адамзатты өзгөчө сүйгөнүңдөн. Энелик мээрим менен сылаган колдорунан, Өзүңдү «Теңир» деген эң таза ойлорунан. Куткарып калыш үчүн көңүлүң бөлгөнүңө, Ырахмат Ыйса Теңир мен үчүн өлгөнүңө. Жашоомду жандандырып, ишеним бергениңе, Миң ирет ыраазымын Рухуңду бергениңе.HERE AM I SEND ME! The Only One Мен Сендей болғым келеді О, Иса أبانا الذي + مبارك الرب btsbyḥ ạlrb ynṭq fmy BAWIPA KHA HNGAK KO Štastný ľud Бог Иисус İsa Beni Çok Sever Il cielo toccherò
Song not available - connect to internet to try again?