Тынчым кетип, шектенип, кайгырганда, Жарыкты көрбөй карайлаганда, Жан кыйналып, жүрөктү муң басканда, Теңир, сыйынып, келемин Сага. Бактылуумун, Ыйса менен биргемин. Бактылуумун, жан досум Ал менин. Бактылуумун, Ал жанымда ар дайым. Өкүнбөйм, Аны менен жашаймын. Момун, жөнөкөй, мээримдүү Кудайым, Жашачы жүрөгүмдө ар дайым. Падышам менин, Машайак Теңирим, Жыгылуудан сактачы, Тирегим. Кимге барам жүрөгүмдү муң басса? Ким келет колун сунуп жардамга? Чексиз сүйгөн Теңир, жакындап келдиң, Мээрим төгүп, сооротуп, кечирдиң. Ылаажы таба албай кыйналганымда, Кудай таштап кетти деп ойлоном. «Таштабаймын, сүйөмүн ар убакта» Деген сөзүңдү эстеп соороном.Tyś jest, o Panie Не ме пренебрегвай, Спасе Сен Давосан Hay Poder msẖ kẖạrj ḥr mạ ạ̹lnạ gẖyrk Зəнҹири Гырмаға Святой Всемогущий Бог O, nu respinge chemarea L'amore che cerco
Song not available - connect to internet to try again?