Ушул тойго берсин Кудай батасын, Чакыралы бул ааламдын Атасын. Кубанып да, сүйүнүп да тосолу, Арабызда кайгы-капа болбосун. Бактылуу болсун уул-кызы деп, Сыйыналы биздин Ыйса Теңирге. Кудайымдын эрки менен жүрүүгө, Түбөлүккө бирге өмүр сүрүүгө Жакын болуп, жардам берсин Теңирим, Жарык кылып арасында элимдин. Бактылуу болсун уул-кызы деп, Сураналы бүгүн Кудайдан бирге. Тоюңарга той улансын алдыда, Ортоңордо болсун сүйүү дайыма. Келечекте эрки болуп Теңирдин, Учуп чыксын колуңардан наристе. Ыймандуу болсун уул-кызы деп, Сыйыналы биздин Ыйса Теңирге. Ишенимдүү бир-бириңе болууга Акыл берсин үй-бүлөлүк турмушта. Зор сүйүүңдү баалап Сенин, Теңирим, Жүрсүн алар Өзүңдүн ак жолуңда. Ыймандуу болуп биздин эки жаш, Ынтымактуу өмүр сүрсүн дайыма.Aprimi gli occhi del cuore Keď rozsievač v poli sial Възкликнете громка песен Ходай, Сиңа өметләнәм Маленьке місто Віфлеєм Te iubesc Isuse sunt pe veci al Tău En el lejano Oeste mạ dmt rby fy ạlṭryq Раббим раҳмат Oh Padre divino
Song not available - connect to internet to try again?