Чындык бир гана Кудайда, Дүйнөдөн издеп чарпылба. Адамдар болот ар түркүн, Алданып калсаң кайгырба. Чындык бир гана Кудайда. Чындык бир гана Кудайда, Үмүттөн бардык убакта. Жашоооңду кайгы каптаса, Кылганың жанга жакпаса, Үмүттөн жалгыз Кудайдан. Чындык бир гана Кудайда, Жалганды чын деп адашпа. Азгырыгы көп дүйнөнүн, Жүрөгүң ачып алдатпа. Жалган жолдор көп, адашпа. Чындыкты тапсаң оң болот, Жашооңдо жалган жоголот. Мээримин сезип Кудайдын, Турмушуң жаркып, оңолот. Чындыкты тапсаң оң болот.Одоо сайнаар эргэнэ Bazmdir bugun О Кудайым Мы победу Бога воспоем ئەيسا ئارىمىزدا ทรงเป็นที่รัก Anima mia canta Мой Покров لك يا رب الثنا Сени Хичбир Шейе Деишмем
Song not available - connect to internet to try again?