Чөгөлөп келемин алдыңа, Өкүмдарым, Өтүнүч, тилегим уга көргүн, Ата. Чөгөлөп келгенде жүрөгүм угат анан Мээримдүү үнүңдү Өзүңө чакырган. Чөгөлөп келгенде жүрөгүм угат анан Мээримдүү үнүңдү Өзүңө чакырган. Чөгөлөп келгенде, ачылып бүркөк асман, Түбөлүк жапжарык жайыңды көрөмүн. Жан дүйнөм жай алат чулгаган жарыгыңдан, Талпынып күч алат, канат күүлөйт кайра. Жан дүйнөм жай алат чулгаган жарыгыңдан, Талпынып күч алат, канат күүлөйт кайра. Чөгөлөп келгенде, көрөмүн айдан ачык Адашкан күндөрүм, адашкан жолдорумду. Ыйсанын ар качан төккөнүн күндөй жарык, Тажабай кечирип, сунганын колдорун. Ыйсанын ар качан төккөнүн күндөй жарык, Тажабай кечирип, сунганын колдорун. Чөгөлөп келемин алдыңа, Өкүмдарым, Жүрөгүм Өзүңө тартуу кыламын, Ыйса. Мээримдүү үнүңдү угамын көк асмандан. Сүйүүнүн добушун Өзүңө чакырган. Мээримдүү үнүңдү угамын көк асмандан. Сүйүүнүн добушун Өзүңө чакырган.Szüntelenül Néked éneklek ạlly ṣnʿny АДЫ КУДАЙДЫҤ - БЕКТЕГЕН ШИБЕЕДИЙ Mein Erlöser lebt Niño Santo, Sufres Tanto K večeru sa deň nachýlil fạrd jnạḥy Psalm 139:15-16 Jen Tobě patří chvála 这是正路一定要行在其间
Song not available - connect to internet to try again?