Бул дүйнөдө шартсыз сүйүү бар беле? Адамзатты журөгүнө батырган Курман болгон ыйык козу бар беле? Азап чегип пенде үчүн кыйналган Жаман ойду ылгаш үчүн адамдар Оо башына тикен таажы кийген ким? Ыйык канын күнөө үчүн агызып Кагылайын, айланайын деген ким? Камчы менен бүт денеси жанчылган Эт тытылып, сөөк көрүнүп, кан аккан Пайгамбарлар айткан сөздү эске албай Албууттанып, эл токтолбой кыйкырган. Сенин жүзүң сүйүү менен карады Ар бир жандын эркиндигин самады Кудай менен мамиледе болсун деп Ыйык каның адамзатты актады. Ата бол жетим, жесир келгиндерге Ата бол муктаж болуп издегенге Ата бол жан дүйнөсү жакырларга Жүрөктөрдө жолугалы мээримиңе. Кудайым кереметсиң ырайым төккөн Өлүмдү, каргышты да кыя өткөргөн Балам деп эки колуң сундуң Ата Уулуңа Асманыңдан бердиң бата.أيوه باحبه wǒ yào hū qiú zhǔ yé sū Olqishlang, hamdlar ayting Prin multe ţări frumoase bsẖʿr brạḥh Блудница To ja, ó, Pane môj Склоняюсь пред Тобой Lève les yeux vers Christ Любовь, что нельзя остановить
Song not available - connect to internet to try again?