Шыктандырат обон менин жанымды, Укса деймин Теңир ушул ырымды. Кайра-кайра келди ойго ушул ыр, Даңктасам дейм жалгыз Ыйса Теңирди. Жүрөгүмө орноп Сенин сөздөрүң, Ачылды бейм эми менин көздөрүм. Ак жолуңа түштүм, башта Сен мени, Айтканына көнбөйм эми өзгөнүн. Акыл айтып, Өзүң сөзүңдөн нуска, Жетектей көр, Теңир, ушул жолумда. Даңктап ырдайм Сени, Ыйса Теңирим! Ак батаңды берчи ушул журтуңа. Көктө Сенин даңкың арта берсинчи, Бардык калкым даңктап, Сага келсинчи. Жүрөгүн ач менин кыргыз элимдин, Адамзатка даңкың кайтып келсинчи. Даңктагыла баарың Теңирди бүгүн! Даңктагыла Аны улуулугу үчүн! Асманда да, жерде даңктайлы Аны, Ырайымы, төккөн сүйүүсү үчүн!Chci oslavovat, svého Pána Stop لأ Staň se mou vizí Только в Господе Ricordati Le peuple qui marchait Аннем Бана Бир Шей Сьойлерсе 'TIS SO SWEET TO TRUST IN JESUS มีสิ่งเดียวที่ข้าต้องการ
Song not available - connect to internet to try again?