Шылдырап агып суу тынбай, Кайдадыр жылат булут жай. Узак жол басып бир пенде келет шашпай. Өз ичинен ал ойлонуп, Үй курамын деп толгонуп, Ошол үйгө байыр алат, бакыт конуп. Чарчаса жолдо ыр ырдап, Көңүлүн бир аз тынчытат. Бир эле ырды тажабай кайра ырдайт. Үй деген маалым байыртан, Дубал эмес таштан салган, Эшик эмес, буюм эмес үйдө турган. Үй деген - дайым күткөн жай, Кандай абалда кайтсаң да: Сүйүнүп, же күйүнүп, же чарчап келсең. Үй деген - сени түшүнүп, Үмүттөнүп, сени сүйүп, Тосуп аларың бар болсо, ошол үйүң. Булуттардан өйдө кеткен Сонун үй бизге берилген. Ыйса салган ал сонун үй бизге белен. Бирок ал үйгө кирүүгө, Сакта тынчтыкты күнүгө, Сүйүп баарын, камдана бер жерден эле.Ты валадарыш Dari III Track 05 Sabanı tutup da geriye bakan Рождество Христово Ангел пролетел Мечта Я к Тебе прихожу мой Боже Mii de oameni se grăbesc înspre pierzare و، قۇداي، سەنى ويلايمىن yftḥ wlys mn ygẖlq Isanyň öýünde toýlar başlanar!
Song not available - connect to internet to try again?