Кудайдын уулдары, Яхвеге бергиле, Яхвеге даңк-кубатты бергиле. Яхвенин ысмынын даңкын бергиле, Ыйыктыктын сүрүндө Яхвеге таазим кылгыла. Яхвенин үнү суулардын үстүндө. Даңктын Кудайы күркүрөдү, Яхве көп суулардын үстүндө. Яхвенин үнү кубаттуу, Яхвенин үнү сүрдүү. Яхвенин үнү кедрлерди сындырып, Яхве Лубнандын кедрлерин талкалады. Аларды - Лубнанды музоодой, Сирионду жапайы букачардай секиртти. Яхвенин үнү от жалындарын жарды. Яхвенин үнү чөлдү титиретти, Яхве Кадеш чөлүн титиретти. Яхвенин үнү маралдарды толготуп, Токойлорду жылаңачтады. Анын ордосунда баары: «Даңк!» - дешет. Яхве топон суунун үстүндө отурду, Яхве түбөлүк Падыша болуп отурат. Яхве өз элине күч берет, Яхве өз элин тынчтык менен алкайт.찬양 받으시기 합당하신 Ježiš, buď mojím Pánom Тапънъръм, Бютюн Калбимле Domnul iubeşte pe orice suflet Иманла йюрю иманла яша Табигәтнең һәр сулышы Mon coeur t'appartient มีสิ่งเดียวที่ข้าต้องการ Возьми zrʿt bqlby nbtẗ ḥb
Song not available - connect to internet to try again?