Өзүнө чын жүрөктөн ишене алган Жандарды сүйүү менен Кудай кошту. Өмүрдүн тайгак кечүү, тар жолдорун Бирге өтүүгө шерттешишти өмүр бою. Көптөгөн жүрөктөр бар, бирок бирөө, Бирөөндө эле сага деген мээри толо. Баарынан кымбат жана жакын жүрөк Ал сенин сүйүктүүңдүн жүрөгү го. Кайгырсаң, кошо келип, кайгы тартат, Түн уйкуңан калсаң эгер, ал да уктабайт. Эгерде күлүмсүрөп, сен жылмайсаң, Кошулуп мээрим төгүп, ал жылмаят. Сактагын карегиңдей, бапестегин, Коргогун, таштабагын, бил керегин. Кечиргин, эмне болсо, бүт кечиргин, Абайла, бил анын морт, назиктигин. Көптөгөн жүрөктөр бар, бирок бирөө, Бирөө гана от тамызат коломтоңо. Баарынан кымбат жана жакын жүрөк, Ал сенин сүйүктүүңдүн жүрөгү го. Алмашпайт сени эч кимге, жалган айтпайт, Түшүнүп сени ал гана баалай алат. Жашоодо башка мүшкүл иш түшкөндө, Ал жүрөк сени эч качан таштап салбайт. Ал менен бирге болсоң, оңой болор, Ыйсаны бекем жана чындап сүйүү. Сен андан жан досуңду таба аласың, Ал менен бирге Ыйсага бара аласың.يوم ما قابلتك Anything ความรักพระองค์ Here love is impossible ạ̉dnw ạ̹lyk ạrtạḥ Дом Твой Господь ʿnd ạlṣlyb În acea zi, când boldul morții Are You Washed in the Blood? أقوياء في المسيح أقوياء
Song not available - connect to internet to try again?