Яхвени алкыштагыла, анткени Ал жакшы; Анткени туруктуу сүйүүсү түбөлүк. Кудайлардын Кудайын алкыштагыла, Анткени туруктуу сүйүүсү түбөлүк. Эгелердин Эгесин алкыштагыла, Анткени туруктуу сүйүүсү түбөлүк. Улуу кереметтерди жалгыз Өзү жасаганды, Анткени туруктуу сүйүүсү түбөлүк. Асманды акылмандык менен жасаганды, Анткени туруктуу сүйүүсү түбөлүк. Жерди суулардын үстүнө жайганды, Анткени туруктуу сүйүүсү түбөлүк. Улуу жарыктарды жасаганды, Анткени туруктуу сүйүүсү түбөлүк. Күндүздү башкарган күндү, Анткени туруктуу сүйүүсү түбөлүк. Түндү башкарган ай-жылдыздарды, Анткени туруктуу сүйүүсү түбөлүк. Мисирди туңгучтары аркылуу урганды, Анткени туруктуу сүйүүсү түбөлүк. Арасынан Ысрайылды чыгарганды, Анткени туруктуу сүйүүсү түбөлүк. Күчтүү колу, сунулган билеги менен, Анткени туруктуу сүйүүсү түбөлүк. Камыш деңизин бөлгөндү, Анткени туруктуу сүйүүсү түбөлүк. Ысрайылды ортосунан өткөргөндү, Анткени туруктуу сүйүүсү түбөлүк. Фараонду кошууну менен Камыш деңизинде силкип таштаганды, Анткени туруктуу сүйүүсү түбөлүк. Элин чөлдө жетектегенди, Анткени туруктуу сүйүүсү түбөлүк. Улуу падышаларды урганды, Анткени туруктуу сүйүүсү түбөлүк. Айбаттуу падышаларды өлтүргөндү, Анткени туруктуу сүйүүсү түбөлүк. Аморлордун падышасы Сихонду, Анткени туруктуу сүйүүсү түбөлүк. Башандын падышасы Огду, Анткени туруктуу сүйүүсү түбөлүк. Жерин мураска бергенди, Анткени туруктуу сүйүүсү түбөлүк. Ысрайыл кулуна мураска, Анткени туруктуу сүйүүсү түбөлүк. Басынганыбызда бизди эстегенди, Анткени туруктуу сүйүүсү түбөлүк. Душмандарыбыздан бошотконду, Анткени туруктуу сүйүүсү түбөлүк. Бардык жандарга нан бергенди, Анткени туруктуу сүйүүсү түбөлүк. Асмандын Кудайын алкыштагыла, Анткени туруктуу сүйүүсү түбөлүк.داري بي Худайы күйсәп a Ó Pane, nie som hodný С небес призрел Господь Już czas się puścić w drogę Мени Христос өршээгештиң Mighty Cross Силой мира облеченный Шон-шараф Раб Исога В душе покой
Song not available - connect to internet to try again?