[Ыр башчысына Корактын уулдарынын маскили] Агын сууга энтигип умтулган бугудай, Жаным да Сага, Кудайым, энтигип умтулат. Жаным Кудайга, тирүү Кудайга чаңкайт; Кудайдын алдында качан барып көрүнөм? Көз жашым күнү-түнү азыгым болду, «Кудайың кана?» - деп мага күнү бою айтып турушат. Ушуларды эстегенде жанымды төгөм: Майрамдаган эл ичинде шаттык, алкыш үнү менен, Калың топ менен Кудайдын үйүнө барчу элем. Эй жаным, эмнеге чөктүң? Эмнеге ичимден толкуйсуң? Кудайга үмүт арт! Эй жаным, эмнеге чөктүң? Эмнеге ичимден толкуйсуң? Кудайга үмүт арт! Анткени Аны дагы мактайм, Жүзүмдүн куткаруусу жана Кудайым. Жаным ичимде чөгүп турат, ошондуктан Иордан жеринен, Эрмондордон жана Мисар дөңүнөн Сени эстейм. Шаркыратмаларыңдын үнүнөн туңгуюк туңгуюкту чакырат, Сенин бардык толкундарың, чапкындарың үстүмдөн ашып өттү. Күндүз Яхве туруктуу сүйүүсүн буйрат, түндө Анын ыры мени менен - өмүрүмдүн Кудайына сыйынуу. Кудайга, Аскама айтам: «Эмнеге мени унуттуң? Эмне үчүн душмандын кысымында түнөрүп жүрөм? Сөөктөрүмдү жанчып жаткандай, душмандарым күнү бою: «Кудайың кана?» - деп мени шылдыңдашат. Эй жаным, эмнеге чөктүң? Эмнеге ичимден толкуйсуң? Кудайга үмүт арт! Эй жаным, эмнеге чөктүң? Эмнеге ичимден толкуйсуң? Кудайга үмүт арт! Анткени Аны дагы мактайм, Жүзүмдүн куткаруусу жана Кудайым. Акта мени, Кудай, талашымды опасыз элге каршы талаш; кыянатчы-адилетсиз адамдан мени куткар. Коргонумдун Кудайысың, эмнеге мени четке кактың? Эмне үчүн душмандын кысымында түнөрүп жүрөм?» Жарыгыңды, чындыгыңды жибер, алар мени жетелесин; ыйык тооңо, турактарыңа мени алып барсын. Ошондо Кудайдын курманжайына, Кудайга, кубанычымдын шаттыгына келем; Киннор менен Сага алкыш айтам, Кудай, Кудайым! Эй жаным, эмнеге чөктүң? Эмнеге ичимден толкуйсуң? Кудайга үмүт арт! Эй жаным, эмнеге чөктүң? Эмнеге ичимден толкуйсуң? Кудайга үмүт арт! Анткени Аны дагы мактайм, Жүзүмдүн куткаруусу жана Кудайым.Můj Bůh je dobrý hạfḍl ạgẖny Veniți azi să cântăm lui ADONAI Pe drumul Ghetsimanilor We wish you a merry Christmas Hai, Mari Nyanyi Bersenang Боже наш, благослови ни Сана Тапънъръм พระองค์โอ้พระองค์ На нас се роди едно Дете
Song not available - connect to internet to try again?