Ыр башчысына. «Гиттит» боюнча. Корак уулдарынын забуру. Турактарың кандай сүйүктүү, кошуундардын Яхвеси! Яхвенин короолоруна жаным зарыгып алсырайт. Дене-дилим тирүү Кудайга шаттана үн салат! Курманжайларыңда таранчы үй, карлыгач балапан басар уя табат, кошуундардын Яхвеси, Падышам, Кудайым! Үйүңдө жашагандар бактылуу, Сени мактап турушат. Села Күчү Сенде, дилинде жолдор бар адам бактылуу. Баха өрөөнүнөн өткөндө, аны булакка айландырышат, эрте жамгыр да аны көлмөлөргө толтурат. Күчтөн күчкө жүрүшөт, Сиондо Кудайга көрүнүшөт. Яхве, Кошуундардын Кудайы, сыйынуумду уккун, Жакыптын Кудайы, кулак салгын. Села. Калканыбызды көргүн*, Кудай, майланганыңдын жүзүнө назар салгын. Короолоруңдагы бир күн миңден артык! Жамандыктын чатырларында жашагандан көрө, Кудайымдын үйүндө босогодо турууну тандадым. Яхве Кудай - күн жана калкан, Яхве ынаят жана даңк берет. Түз жүргөндөрдөн жакшылыкты аябайт. Яхве, Кошуундардын Кудайы, Сага таянган адам бактылуу!hllwyạ hllwyạ ḥb yswʿ أيها الرب سيدنا Bu kunda Алгыш Сəнə, еј Јараданымыз mwsyqy̱ ماشي أنا ماشي Ton nom seul est exalté Ja chciałbym być jak Jezus วันนี้อันเป็นวันดี Ufam jako dziecię
Song not available - connect to internet to try again?