Аалам жердин башчысын сүйүү жыргал, Аны менен ар дайым жүрүү жыргал, Азыр келип калбасын Атакем деп, Алдын тосуп аздектеп күтүү жыргал. Ыйык Ыйса Теңирде болуу жыргал, Ыйык Рухка ар убак толуу жыргал, Ырайымың, каның актап берем деп, Жүрөгүм Ыйса үчүн согуу жыргал. Курч кылычтай Анын сөзүн угуу жыргал, Кереметин Кудайдын көрүү жыргал, Кудайымдан алган аян ачылышты, Бир туугандар бөлүшүп туруу жыргал. Эң жогорку Теңирди даңктоо жыргал, Эгедерин эл-жердин мактоо жыргал. Эргитип Рухуңду колдоочуну Ээси кылып жүрөгүмдө сактоо жыргал.СЪКРУШЕН ОТ ГРЯХ И БОЛКА Pe inima lui Isus Per Andrea There's Something About That Name You gave light its speed On trzyma całą ziemię Nace Jesucristo en humillación Дунёда ҳаловат топмаганларга mydly Salmo 150
Song not available - connect to internet to try again?