Ааламды алты күндө жараткансың, Телегейин тегиз кылып адамзаттын. // Теңирим, Теңирим! // Сени гана, Сени гана даңктайбыз, Тизгини го бир Өзүңдө бул ааламдын. Жылдыздар, ай, күнүңдү жараткансың, Бардыгынын ааламда өз милдети бар. // Теңирим, Теңирим! // Сени гана, Сени гана даңктайбыз, Теңдеши жок алааматтуу чоң күчү бар. Жараттың асыл кылып топурактан, Сугарып Сен мүрөк тунук булагыңдан. // Теңирим, Теңирим! // Сени гана, Сени гана даңктайбыз, Бар жандыкка сүйүүң чачтың аябастан. Алданба, жалган дүйнө - жылт эткен от, Азгыруучу оңдо-солдо зымырык ок. // Теңирим, Теңирим! // Сени гана, Сени гана даңктайбыз, Сенсиз бизге жалган дүйнө - чагылган чок.wǒ men yào zài jù huì de shān shàng Қанчалар Худоим кечираман Osmonimsan Som sám Иисус Иисус Святый Бог يا ماشي وعارف لوين เรานำเสียงการสรรเสริญมา ạllh nwry wkẖlạṣy تخطيطك رائع لحياتنا Io sono quel che sono
Song not available - connect to internet to try again?