Адамзатты абдан сүйгөндөн, жер бетине келгенсиң. Мээримиңди төгүп чыдап Сен, «күнөөңдөн кайт» дегенсиң. // Азап чектиң чыдап айкаш жыгачта, Күнөөм үчүн Теңирим. // Көрө албай Сени көз менен, көп издедим өмүрдө. Канча күндөр Өзүңдү билбей, кир толтурдум көңүлгө. // Кийин гана жүрөгүмдөн сездим мен Бар экениң, Кудайым. // Жолумдагы жарык жылдыздай, жанып турдуң жаркырап. Багымдагы мөлтүр булактай, агып турдуң шылдырап. // Жарык күндүн күлмүңдөгөн көзүндөй Нуруң чачтың, Теңирим. // Колумдагы асыл берметтей, Сенин ыйык сөздөрүң. Окуганда абайлап карай, жашка толот көздөрүм. // Сыйынганда, үнүм угуп асмандан, Жооп бердиң, Теңирим. //fy̱ wsṭ hmwm ạlḥyạẗ Foreverandever Etc.. bdy ạfhm fhmny Танръмъз Йюдже طوبى لشعب lgẖẗ ạlsmạỷyyn مش هاقول إداني فضة ruò bù shì shèng líng de yǐn dǎo ạ̉yn ạ̉dẖhb يسوع أنت تعلم
Song not available - connect to internet to try again?