Адамзатты жараткан Кудайымдын Сүйүүсү, камкордугу өтө терең. Жаш-карыга бөлүп карап, ылгабаган Атабыздын жүрөгү кандай кенен. Даанышмандык карыларда, Акыл көп жашагандарда. Акылмандык, күч Кудайда, Акыл, кеңеш Анда. Миңдеген адамдардын арасынан Теңирим сизди сүйүп тандап алды. Тозокко алып барчу кенен жолдон Ырайым кылып Өзүнө кайрып алды. Саамайыңыз ак аралап калса да, Мээримдүү жүзү менен карайт сизди. Кайгырып, көңүлүңүз чөккөн кезде «Таштабайм» деген сөзүн эстеңизчи. Кудайга даңк! Сиздер бар төрүбүздө. Куткарылсын карылар элибизден. Ыбрайымдай, Ыскактай кары болуп, Жаш муунга батаңарды бериңиздер!La ce mi-ar folosi Isuse ఓ నేస్తమా ఈ శుభవార్త తెలియునా جذبتني duō xiǎng ràng nǐ yōng yǒu yé sū U sizni butun muxabbati Prócz liści nic qlby ạ̉syr nʿmtk 山在摇地在抖 rén de shēng mìng bù zài hū jiā dào fēng fù Kom Kinders besing
Song not available - connect to internet to try again?