Адашкан жолоочудай кай бир түндө калгам, Сандалып мен жүргөм түпсүз бир тереңде, Колуңду созуп, Сен сууруп алдың андан. Ишенем, ишенем, ишенем, Теңир, Сөзүңө. Сенден башка мага не калды ишенүү үчүн. Ишенем, ишенем, ишенем, Теңир, Сөзүңө. Андан башка мага не калды ишенүү үчүн. Мен үчүн болуп курман, каныңды төккөнсүң, Өлүмдөн өмүргө жол салып өткөрдүң. Жүрөгүм кубанат рухуңду сезгенде, Айкашкан жыгачты эстеймин мен түндө. Эскерем, эскерем, эскерем элесиңди. Сенден башка мага не калды эскерүү үчүн Эскерем, эскерем, эскерем элесиңди. Андан башка мага не калды эскерүү үчүн, эскерүү үчүн.สรรเสริญพระนาม Le Dieu de victoire Каалаймын Теңирге жагууну, ثابت قلبي Теңирим, Сага ыраазымын wǒ men shì yī zhī wú xíng de jūn lǚ xíng jìn zhī gē Det lille lys jeg har rby ạ̹dạny frḥẗ جاي أشهد إنك ربي
Song not available - connect to internet to try again?