Адашып жүргөндө, азап чегип, Сен мени издедиң, Куткаруучум. Алдамчы өмүргө азгырылып, Өзүңдөн адашып жүрүптүрмүн. Алдамчы өмүргө азгырылып, Өзүңдөн адашып жүрүптүрмүн. Керемет жараттың табигатты, Ай менен жылдызды жаркыраттың. Бардыгы Өзүңө багынышат, Асманды, жерди да Сен жараттың. Миң алкыш айтамын Өзүңө мен, Жанымды тирилттиң Рухуң менен. Көзүмдү ачтың Сен, сокур элем, Жүрөгүм таш эле, жибиттиң Сен. Теңирим, Өзүңө баш иемин, Кудурет-күчүңө ишенемин. Оо, кандай күнөөкөр жан элем мен, Айкашкан жыгачта Сени өлтүргөн.Я шаг Ты тысячу أيوه الجرح yǒu rén zài kuàng yě zǒu mí le lù Познавам Един Alma bendice al Señor KEĎ TVOJA VIERA JE Salgamos hoy hacia la mies Soldato avanti qù zhǎo huí qǐ chū de ài Перед Господом Творцем
Song not available - connect to internet to try again?