Адашып жүрсө жаның, кайрылгын, оо кайрылгын! Чакырат Куткаруучуң, оо, кайрылгын! Куткарылчу күн бүтөт, шашкын, Ал сени күтөт Сүйүү менен Ал үндөйт, оо, кайрылгын! Чарчасаң күнөөлөрдөн, кайрылгын, оо кайрылгын! Ыйсасыз жашоо эң оор, оо, кайрылгын! Табасың жаныңа жай, ишеним жашай баштайт Табасың тынчтык Андан оо, кайрылгын! Каалайсыңбы тынчтыкты, кайрылгын, оо кайрылгын! Бата бергиси келет, оо, кайрылгын! Периштелер ырдашат, сыйынып достор күтөт, Бүт кишендер чечилет, оо, кайрылгын! Сүйөт сени ар убак, кайрылгын, оо кайрылгын! Түн жоголуп, күн чыгат, оо, кайрылгын! Ал айтат: «Бүт келгиле! Түбөлүк тынчтык Менде». Күнөөлөрүң калтыргын, оо, кайрылгын!A NUNG Я здесь стою Рукоплещем радостно This is our god v2 Az Ő neve Jézus The Lamb Has Overcome Kelar Buyuk Egamiz teseli ruh Gunohlarimni kechir Par tous les saints glorifiés
Song not available - connect to internet to try again?