Адашып көпкө жүргөнмүн, күнөөгө азгырылгам, Адилеттиктен түңүлгөм, дүйнө мени алдаган. Жардамды кимден күтөмүн, ким арылтат кайгыдан? Ошондо Теңирим айтты: Мен сени абдан сүйөм. Мен сени, Мен сени, Мен сени абдан сүйөм, Кудайдын үнү жагымдуу: Мен сени абдан сүйөм. Сүйүп мени кабыл алды, күнөөлөрдөн арылтты, Өмүр китебине жазды Теңир менин атымды, Башым ийип, таазим кылып, айттым ырахматымды. Кудайдын үнү жаңырды: Мен сени абдан сүйөм. Азгырыкка алдырбаймын, күнөөгө каршы турам, Теңир Ыйса Досум болду, кеңешти Андан алам, Кучагына Кудайымдын кандай жакшы жашынган, Сооротот Ал мени дайым: Мен сени абдан сүйөм. Келчи, түйшүккө батпачы, ишенсең, Ал куткарат, Карасаң айкаш жыгачты, Ал сени жандандырат. Чын жүрөктөн тобо кылсаң, жүрөктөн орун алат, Угасың Теңирдин үнүн: Мен сени абдан сүйөм.L'amour พระเจ้ารักคุณและฉัน Biz uchrashamiz Ekelim Seherde, Ekelim Sevgiyle ทุกสิ่งจึงเป็นไปได้ All Things are Possible Yüzün Güneşten О грешник к Иисусу приди قد إيه wjht qlby nḥwk yạ ạ̉bw ạlmjd ạlnwrạny - Live
Song not available - connect to internet to try again?