Аз өмүрдө асыл нерсени, Үлгүр, досум, кылып өткөнгө. Түбөлүккө өлбөс иш калтыр, Чарпылбастан күнүмдүгүңө. Аз өмүрдө өлбөс иш үчүн, Сүйүү менен кызмат кылып өт. Жалган дүйнө азгырыгына Каршы тур да, адам бойдон кет. Аз өмүрдө түркүн кызык бар, Убактылуу жалган нерсе көп. Таза жашап Кудай алдында, Өлбөс, өчпөс эмгек кылып өт. Аз өмүрдө Теңириң үчүн, Күйүп кетпей турган кызмат кыл. Теңирдин эркин аткарууга Ар күн сайын дайым даяр тур.సమర్పణ చేయుము ప్రభువునకు Duhul Tău să umple azi ạ̉tmny̱ lw ạ̉kwn Niet inej cesty žitím La fede una volta insegnata Ибо благ Господь مسمار وحربة Allá en el Cielo hay un lugar Кружится как пушинка в Космосе Земля Глядя на волны в раздумье я стоял
Song not available - connect to internet to try again?