Азгырылба учкундарга жылт-жулт эткен, Ал бир күнү жалп деп өчөт, эгер билсең. Адашпай, ак жолуңду уланта бер, Максатыңа, максатыңа жетесиң, ишен. Үмүт үзбө, келечегиң бар, Сени күтөт асмандагы шаар. Бүтөт баары мезгил келгенде, Артта калат азап-кайгылар. Таш тилип таманыңды жаралантса, Тикенек жараңды ырбатса да, Суранам, бир тууганым, сен ыйлаба, Кайраттангын, Андан күч сура. Калбачы сен жарым жолдо, Кайгы тартып эч ойлонбо. Кол сунат көктөн Теңириң, Кайраттангын, досум, бошобо. Ар бир таш, ар бир тикен жолуңдагы, Алып барат ал асманга. Ар бир оору, ар бир көз жаш, ар бир кайгы, Жакындатат сени Кудайга. Биздин жол тикенектүү, тар, Ыйса айткан ошол жолдо бар. Жеткирет сени асманга, Сени сүйгөн Теңириң бар. Үмүт үзбө, келечегиң бар, Сени күтөт асмандагы шаар. Жеткирет сени асманга, Сени сүйгөн Теңириң бар.Engem küldj Асмандагы жарык Жылдыз Zvučí, zvučí Cuán hermosos son los pies del fiel Jeg løfter mine øyne Cantai Que o Salvador Chegou I love Jesus Ближе к Богу В тихом месте пред Твоим తల్లి తండ్రి ఎవరు మరచినా
Song not available - connect to internet to try again?