Айлуу түндө асманда жылдыз жанды, Ыйса туулуп, дүйнө жүзүн куткарды. Караңгыда жүргөн бүткүл адамзат Жарык көрүп, өмүрдөн бакыт тапты. Келчи, тууган, жүрөктөрдү ачалы, Теңир алдына биз дагы баралы. Курмандыкка даңктообузду берели, Шаңдуу ырдап, короосуна кирели. Табынабыз Сага, улуу Теңирим, Жалгай көр, Кудайым, кыргыз элимди. Асмандан төгүлөт Сенин мээримиң, Ырыскыга толтур менин жеримди. Ыйсанын туулган күнү-бул чоң майрам, Теңирди даңктайлы биз кайра-кайра. Жүрөктөрүбүзгө толсун салтанат, Ыйсабызга бардык даңктоо жарашат.Andriamanitra o, Ray Mpamindra fo Yesus T'lah Datang Daca Tu nu vi acum Chce Bog wszystkim ludziom Христ эрхэм дээд Osana, Osana, Osana-n înălţime rạyḥ bʿyd qlbaⁿạ nqyaⁿ̃ạ Бўлсин севги орамизда آه يا وَجَعى
Song not available - connect to internet to try again?