Алыскы Бейт-Лехемде, хан сарайда эмес, Жөнөкөй мал сарайда Куткаруучу келди. Шаңданып периштелер асмандан ырдашты, Даңктап төрөлгөн Наристени. Төрөлдү Теңирим Ыйса, Кудай Уулу, Асмандан Ал келди, аалам Падышасы. Төрөлдү Теңирим, Ыйса, Кудай Уулу. Даңктайбыз Ыйсаны, алелуя! «Жер үстүндө Кудайга жаккан адамдарга Улуу тынчтык болсун» деп, жаңырат асмандан. Койчулар угуп муну ал түнү талаадан, Кудайды макташты чын дилден. Ыйса асмандан келген күнөөкөрлөр үчүн, Кубаныч, бакыт берип, жанын сактоо үчүн. Ыйсаны биз сүйөбүз, ырдайбыз биз Ага. Дайыма арналсын даңк Ага!Mi mejor amigo es Cristo Жива надежда VANMI HLA AN SA Spasiteli, Pane můj fwq ạlsẖjrẗ Кечирип, бир-бириңе кайрылбасаң O'nun lütfu daha fazla Since Jesus Came Into My Heart Билирəм, Рəбб Исада Дюз рякъ аьгъюр ву бахтавар
Song not available - connect to internet to try again?