Арманын адамзаттын айтып бүтпөй, Түгөнгүс дастандарды жазып өткөн, Акындар ыр саптарын чубуртушуп, Дүйнөдөн арман менен алар кеткен. Чынында арман ырын ким угат? Шорголоп аккан жашты ким тыят? Жүрөктүн муңу бар да, сыры да бар. Айткыла, даанышмандар, бакыт барбы? Жазылып сан кыргыздын жүрөгүндө, Кармаштын эчен түркүн тагы калды. Илгертен адамзатка мүшкүл салган, О тууган, нечен кармаш тагы калды. Жүрөктөр сыздайт дале, сыздайт боздоп, Негедир таба албай тынчтык, бакыт. Жүрөктөр ыйлайт дале өксөп-өксөп, Дүйнөдөн чындык таппай, көзү катып. Адамдар чындык таппай адашабы? Чындыкты жалган менен алмашабы? Энесин бала урду ыйман кетип, Абийирин кыз унутту, баарын кечип. Далайлар бакшы болду баш айланткан, «Ак жолго түштүң» дешип, «ак ур» дешип. Адамдар чындык билбей адашабы? Чындыкты жалган менен алмашабы? «Ушу, - деп, - рух азыгы», малаан байлап, Чырпыкты өстүрбөстөн бууп салды. «Өлөрүң, ата, сенин аз калды», - деп, Баласы өз атасын кууп салды. Адамдар чындык билбей адашабы? Чындыкты жалган менен алмашабы? Адамдан пейил кетти, ыйман кетти, Кыскасы, күнөө толду жер бетине. Күнөөдөн арылта алар бир Теңир бар, Ырайым, өмүр берер жүрөктөргө. Адамдар бул чындыкты кабыл алса, Жүрөктөрүн Теңирге арнай алса. Адамзат, Куткаруучуң Ыйса экен. Окугун Инжил, Тоорат, Забурду сен. Жүрөктүн күнөө толгон катмарларын Тазартат, Ыйса гана өмүр берет. Чындыкты табат адам Ыйсадан, Өмүрдү алат адам Ыйсадан.Time is almost at hand Կը վախնա՞ս, որ թշնամին պիտի հաղթե Oslavuj, cirkev, Pána علمني كيف أصلى ạ̹nt ạlly fdytny أنا عصفور صداح ạ̉yhạ ạlạ̹nsạn ậkẖdẖaⁿạ ṣwrẗ ʿbd О Христос я Тебя молю كل حاجة تعبت فيها
Song not available - connect to internet to try again?