Асманда бир шаар бар жарыгы өчпөгөн, Кайгы жок, оору жок, түйшүктөн бөлүнгөн, Ал жерде ыйыктар түбөлүк жашашат, Обон созуп ырдап, Кудайды даңкташат. Оорулар болбойт, жарыгы өчпөйт, Иерусалим, Түбөлүк жашап, ырлар ырдалат, Иерусалим, Тирүүлөр шаары, ыйыктар шаары, Иерусалим, Сага умтулам, түбөлүк жашайм, Иерусалим. Алтындан салынган бул укмуштуу шаар, Бактым, кубанычым асман мекенимде. Жердеги жашоомду ыйыкта, тазала, Түбөлүк жашоом үчүн Иерусалимде. Куткарылган адам, асмандагы шаарда Баарыбыз Кудай менен түбөлүк жашайбыз. Анда эмесе, досум, чогуу ыр ырдайлы, Жердеги жашообузда Ыйсаны даңктайлы.Өмірдің тар жолы соңы бақыт Ъса'да Сонсуз Яшамдър Исо келди дунёга Tu Mérites la Gloire Alibi bdẖkrk ntgẖdẖy̱ mʿạ Я нашёл святую новь Bueno es Alabarte Jehova ạ̉ḥbny عصفورك غرد في الغابة
Song not available - connect to internet to try again?