Асманда кимим бар менин? Сен Ыйса. Жашоомдогу ырым Сенсиң, Сен гана. Сен мен үчүн запкы көрдүң, Күнөөм үчүн кун төлөдүң, Кудай менен элдештирдиң Сен, Ыйса. Бул дүйнөнүн байлыгына кызыкпайм, Жылтылдаган кооздугуна карабайм, Андан тынчтык таба албайм, Кубаныч да ала албайм, Түбөлүктүү бакытымсың Сен, Ыйса. Жокчулуктун каарын канча тартсам да, Билем, айланат баары жакшылыкка. Жүзүм байлабай калса да, Анжыр гүлдөбөй калса да, Мен сени менен кубанам, о Ыйса. Жамандыктын чеңгээлинде калсам да, Күнөө тузак коюп, кишен салса да, Бул дүйнө согуш ачса да, Душман курчоого алса да, Жеңем баарын Сени менен, о Ыйса. Ажалым жетип, көзүм жумулганда, Жай табамын бир Өзүңдүн колуңда. Көңүлүм чөгүп турса да, Кайгыга муунуп турсам да, Ырдай берем токтобой ар убакта.Дуо куни медиҳад Xoşbəxtlik Səndədir mənim Тебя узнаю yạ wḥyd ạlậb ḥqạ Wiernym bądź frdt ạ̉ydyk ۅلۉمدۉن قۇچاعىنان قۇتقارىپ Tu sei qui พระเยซู เป็นที่รักของข้า THLAITHAR LAWMHNAK THLUACHUAH
Song not available - connect to internet to try again?