Асмандагы Атабыз ырайым кылды бизге, Бүт элдердин ичинен бизди да сүйдү Жараткан. Кечирип күнөөбүздү, куткарып алды тозоктон, Айткылачы, кантип даңктабайбыз Теңирибизди?! Даңктайбыз Сени, урматтайбыз Сени, Куткарган Теңир, бизди сүйгөн Теңир, Аягы: Куткарган Теңир, бизди сүйгөн Теңир. Көктөн келген Кудайым биз үчүн жанын берген, Күнөөсү жок жашап, үлгү көрсөтүп кеткен бизге. Сүйүүсү зор Теңирим батасын берген элиме, Айткылачы, кантип даңктабайбыз Теңирибизди?! Теңирим күтөт бизди Өзүнүн Асманында, Аз убакыт калды, барабыз Теңирдин жанына. Кайгы, түйшүк, оорулар убактылуу, өтүп кетет, Келгилечи, арнайлы урмат-сыйды Жаратканга!Keď viem, že Pán Boh má mňa rád كل الأشياء تعمل معاً للخير fy̱ ạlbdʾ kạn ạlklmẗ Lieta certezza tạ̉ml 1 Ciuf ciuf il trenino va Pane, zmiluj sa I. mạfysẖ ạ̉qrb mnk موسيقى مشتاقين يا يسوع Долго я блуждал во тьме
Song not available - connect to internet to try again?