Бул өмүрдөн өтөт экен даанышман да, Өтөт экен ак элечек апалар да, Дүйнөнү бүт титиреткен падыша да, Өтөт экен асыл, сулуу, аруулар да. Эй адамзат, көз жүгүртчү өткөнгө. Өлбөй, тирүү, бул дүйнөгө түркүк болгон, Айткыла, ай, ким бар? Көргөн түштөй өтөт чыгар алдыңдан, Өмүр жалган, аны эч ким биле албаган. Бул өмүрдүн чын-бышыгын, купуясын Канча издеп, эч ким аны таба албаган. Уккун бүгүн, уккун үнүн Жараткандын, Эгедери баткан күндүн, аткан таңдын. Пенделерим барсынчы деп бейиш төргө, Сүйгөндүктөн, биз үчүн Ал төккөн канын. Түбөлүккө барар жолун көрсөтүп, Ыйса Теңир жерге келген төрөлүп. Жараткандын аларынан берери көп, Сен да алгын, турба, досум көгөрүп.สาธุการแด่พระเจ้า Господи, Ти ме знаеш mn gẖyr tẖmạr Il est un port secourable Не для себя Господь Jak błogo zbawionym być ạlạ̉yạt wạlʿjạỷb Калбиме конуш Иса Фақат Сен Мама
Song not available - connect to internet to try again?