Бүт үмүтүм Машаякта, Ал жарыгым, күчүм, ырым; Пайдубалым, таянычым, Козголбогон ысык-суукта. Ырайымы чексиз Анын, Жан жубатып, тынчты берген! Соороотуучум, ырыс-кенчим, Сүйүүсүндө сактап келген. Адам кейпин кийип, жерге Кудай Өзү бизге келди! Өзүн четке каккан элге Белек кылып, сүйүү берди. Айкаш жыгачка кадалып, Кудай каары түшттү Ага. Бүт күнөөнү Өзү алып, Өлүп, өмүр берди мага. Сөөгү жерге берилгенде, Караңгылык каптап калды. Бирок кайра тирилгенде, Жаркырап, өмүр таң атты! Жеңиш тутуп, Ал турганда, Жок кылды күнөө каргышын. Ыйса - менде, өзүм - Анда. Өтөлгөсү - каны Анын. Коркпой калдым мен өлүмдөн, Ыйса келгенде жаныма. Анын жердик өмүрүнөн үмүт келди тагдырыма Тозок оту, адам колу Андан мени ажыратпайт Түз жетелейт Анын жолу, Ак сүйүүсү мени сактайт. Машаякка үмүт арттым, Ал жарыгым, күчүм, ырым; Бороон соксо, күн күйгүзсө, Пайдубалым, таянычым. Жан жубаткан бийик сүйүү, Тынчтык берет Анын деми. Сооротуучум, кам көрүүчүм, Мээриминде сактайт мени.НЕКА СЛАБИЯТ ДА КАЖЕ Ce mare esti o Doamne إلهنا عظيم Ичимиздеки Чок Даха Гючлюдюр Сəн мəнə һамыдан əзизсəн, Рəббим I Shall Not Be Moved You're my best friend Vzdávej čest Tvůrci THE BELIEVERS PRAYER lylẗ ʿyd
Song not available - connect to internet to try again?