Голгофада кадалууга Ыйса баратат, Шылдың болуп, каргышты Ал Өзүнө алат. Ыйса баскан тикенектүү, каргашалуу кан жолду. Ал мен үчүн, сен үчүн да Курмандык Козу болду. Голгофада кыйналууга Ыйса баратат, Таяк жеген денесинен ыйык кан агат. Айкаш жыгач оордугунан күчү кетип жыгылды, Биз үчүн азап чөйчөгүн унчукпай кабыл алды. Карагыла, Голгофада кагылды Козу, Күнөөкөр үчүн тешилди Анын колдору. Күнөөм үчүн өкүнүп мен, келем Анын алдына, Ыйса менен элдешип мен, болом дайым жанында. О күнөөкөр, сен керилген Ыйсаны кара, Койнун ачат адамзаттын жан Досу сага. Тизең бүгүп, күнөөңдү айт Куткаруучу алдында, Голгофадагы кечирим ачат жолду асманга.synạryw kl ywm ytʿạd Mari Chan Pha La tua santità Твоё слово это свет El Nombre de Jesús Икки дуния Allah Bapa, Kami Puji Engkau Môj Boh, Ty si môj Pán Господу всі поклонімося شذرة 2
Song not available - connect to internet to try again?